Октябрь айында коронавирус 110 мектеп окуучусунан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрдагы маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, окуучулар 1-чейректи онлайн режимде окуп бүтүрөт. 

“Өткөн айда 34 окуучу коронавируска кабылса, октябрь айында 3 эсеге өскөнүн байкоого болот. Илдет 110 мектеп окуучусунан табылды”, – деди ал. 

Үсөнбаев өлкөдө эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калып жатканын кошумчалады. 

Окуучулардын арасында вирустун көбөйүшүнүн себеби катары алар беткап кийүү эрежесин сактабай, топ-топ болгон жерлерде көп убакыт өткөрүп жатканы болууда.