Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров БУУнун Борбордук Азия боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча (РЦПДЦА) башчысы Наталья Герман менен жолугушту. Бул тууралуу, бүгүн, 20-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы Наталья Германга Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформаларга, атап айтканда шайлоо тутумуна, билим берүү жана мыйзамдуулукка туруктуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле премьер-министр өлкөдө бийликти өткөрүп берүү процедурасы Конституциянын ченемдерине ылайык тынч өткөнүн белгиледи.

«Өлкөнүн Конституциясына ылайык, жаңы президенттик шайлоого чейин президенттин милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Учурда өлкөдө кырдаал турукташып, саясий процесстер конституциялык талаага кайтып келди. Азыр өкмөттүн бардык аракеттери өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүүгө жана COVID-19 менен күрөшүүгө багытталды», — деп белгиледи ал.

Наталья Герман өкмөт башчыны премьер-министрдин кызматына кириши менен куттуктап, ага алдыдагы ишинде ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле ал Бириккен улуттар уюму жана башка эл аралык өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашыруудагы бардык аракеттерин колдой тургандыгын белгиледи.

«БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаалга байкоо салып, ар тараптуу жардамга жана колдоого даяр экендигин тастыктады. Ошол эле учурда ал бардык процесстер өлкөнүн Конституциясынын чегинде эч кандай басмырлоосуз жана адам укуктарын урматтоо менен ачык-айкын жана инклюзивдүү негизде жүргүзүлөт деп күтүп жатат «, — деди Наталья Герман.

Андан кийин тараптар акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын талкуулашты. Премьер-министр алдыдагы парламенттик шайлоо ачык-айкын жана жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтөт деп ишендирди.

Уюмдун атайын өкүлү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү боюнча аракеттерин жогору баалап, аларды өткөрүүдө эксперттик жана консультациялык жардам сунуштады.

Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш мырзага, ошондой эле БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Германга өлкө үчүн оор учурда ишеним көрсөтүп, колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.