Кудай бар! Чындык бир күн чыгат! Бир жактуу эле каралап, заказ менен жамандай берген туура эмес! Жалгыз Раим Матраимов эле кылмышкер калгандары периште болуп калдыбы? Раим Матраимов коомго кылган жакшы иштерди көпчүлүк популисттер кыла элек! Ал киши акыркы 3 жылдан бери бажы тармагында иштебей жатканын билебиз! Бажыда кылмыш болсо, ошол тармактын төрагасы Кулматов жана ошол кездеги Президент жооп берсин! Раим Матраимов кылмышы болсо, далил фактылар менен мыйзам чегинде баардык суроолорго жооп бере турган инсан! Тактап, тергеп анан каралаш керек. Көралбас, ич күйдү адамдардын айынан кыргыздын чыгаан уулдарын бир жактуу каралоо адилеттүү эмес. Эч жака качкан жок. Эң негизгиси кудайдын алдында ак. Тарыхта көптөгөн кыргыздын чыгаан жетекчилери чыккынчылардын, көралбастардын айынан запкы жеген! Азыр да арабызда батыштын жугундусун ичкен кээ бир журналист сөрөйлөр бар!

Батыштын арам суусун ичип, кыргыздын чыгаан уулдарына артынан бычак уруп, буттан чалып келген Азаттык деген мекемеде саткын, жалданма журналистер бар. Алардын бири Алижан! Бул Азаттыкты көп өлкөлөрдө бузукулук иделогиясы бар үчүн мамлекетке киргизишбейт!

Азаттык журналисти Алижан Токтакунов деген Атамбаев менен жакында ак үйдү кайра басып алабыз деп аянтта ээрчишип баскан чала кыргыз бала. Эгер Атамбаевдин заказын алып иштебегенде ошол күнү чет өлкөдөн эмнеге учуп келет эле. Жакшы элдер кайра кууп жиберди! Бул бала заказ менен Раим Матраимовду эле каралап жүрөт. Буга да кудай бар. Убакыт көрсөтөт Алини кудай өзү жазалайт! Али адилеттүү болсо, ошончолук чындык издеп баарын адилеттүү караса, эмнеге ???

1.ДАЧА-СУ кылмыштуу окуясын ачбайт???Ал жерде жүздөгөн энелер балдарынан айрылып ыйлап, кан какшап олтурушат…

2.БИШКЕК ТЕЦтен 380млн $ сугунушту.

3.ТАРЫХ МУЗЕЙ тоноп жеген кылмышы.

4. Электр энергетика тармагында мамлекеттик баадан элге эселеп кымбат саткан корупциялык ортомчу фирмалар кылмышы?

5. ЖОЛ ТРАНСПОРТ тармагындагы болгон корупциялык иштерди эмнеге алып чыкбайт??? Себеби, ал жерде анын шэфтеринин кылмыштуу колу барбы?

Раим Матраимов коомго пайдалуу абдан коп иштерди аткарды:

Айыл жерлеринде миңдеген чакырым жерлерге таза суу каналдарын чыгарды. Жаштарды ыйманга, илимге үндөгөн мечит, медреселерди салынды. Ооруканалар, спорттук стадиондорду курду. Акыркы 5 жылдан бери миңдеген жетим балдардын, жесир энелердин көз жашын токтотту.

Үй жай менен камсыз кылды. Мүнкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ооруган инсандарга боор, бөйрөк, жүрөк алмаштырууда жакындан аллах үчүн жардам берип келди. Миңдеген өлкөбүздүн патриот спортчуларынын тамак-ашы, айлыктары, чет өлкөлөргө барып кыргыз желегин көтөрүүдө эбегейсиз салым кошту!

Элге кылган жакшылыктары үчүн биз Раим Исмаилович менен сыймыктанабыз! Тез күндөрдө куру дооматтардан акталып жүзү жарык болуп эл арасында жүрүшүнө тилектешбиз! Раим Исмаилович элдин уулу!