Кечээ, 20-октябрда Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, ага 2 айга өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Ошондой эле Матраимов сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганча дайыма же убактылуу жашаган жеринен тергөөчү, прокурор же соттун уруксаты жок башка жакка кете албайт.
Жактоочусунун айтымында, Матраимов тергөө менен кызматташууга макулдашты.
Эгерде Матраимов макулдашуунун бардык талаптарын аткарса, ага карата Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) 1-бөлүгү менен негизги жазасы катары 5-категориядагы айып пул салынат жана кошумча жаза катары Кыргызстандын аймагында 3 жылга мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат.
Матраимовдун баш коргоо чарасын судья Абдуразак Боромбаев карады.