Бактыбек Сыдыков «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков Эл аралык «Манас» аэропортунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу жеке булактарга таянуу менен 24 кж агенттиги жазып чыкты.

Ал буга чейин 2005-2007-жылдары аталган аэропортто вице-президент, 2007-2010-жылдары президент болуп эмгектенген.

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп, быйыл 4-октябрдагы шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон эле.