К. Ташиев: Кыргыз мамлекетинде коррупционер — элдин акысын жеген жана бандит — элди куураткан бир адам да болбош керек!!!
Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Урматтуу мекендештер!
Официалдуу жумушка чыкканыма бүгүн 3- күн.3 күндө 2 млрд сомдон ашык уурдалган акча өндүрдүк,тергөө аныктаса дагын төгөт.Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтара баштадык.Бул башталышы гана,буюруса көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат,баарын кустурабыз.Ушул коррупционерлерди кустуруу операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом дагын «взятка» алышпайт,баарын мамлекетке төктүрөбүз,бул маселелер жеке менин көзөмөлүмдө,эч кыжаалат болбоңуздар!Аларды камап кармап олтурбастан уурдаган акчасын төлөтүп,кийинки кылмыштарына богот коебуз.
Кыргыз мамлекетинде коррупционер-элдин акысын жеген жана бандит-элди куураткан бир адам да болбош керек!!!”,-деди ал.