Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, коронавирус илдеттинен дагы беш киши каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 1
Ош шаары – 3
Чүй облусунда – 2
Ош облусунда – 2
Ысык-Көл облусунда – 1
Баткен облусунда – 1
Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 10 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин
арасында – 3 миң 555 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 200
медкызматкер айыгып чыккан.
Коронавирустан дагы беш киши каза болду.
Бейтаптардын үчөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда дарыланып жатышкан.
Муну менен вирус тарагандан бери каза болгондордун жалпы саны 1 миң 118ге жетти.