Борбордук шайлоо комиссиясы 20-декабрды парламенттик кайра шайлоо өткөрүү күнү деп бекитти.

Учурда БШКнын жыйыны өтүп жатат, анда бул маселени комиссия мүчөлөрү колдоп, токтом кабыл алынды. Анын алкагында бүгүндөн баштап шайлоо процесси башталды.

Буга чейин БШК кайра шайлоо өткөрүүнүн алдында сунушталып жаткан айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси чечилиши керектигин айтып жаткан.

Алар:

  • шайлоо босогосун жана күрөөнү азайтуу;
  • №2 форма менен добуш берүүнүн жол-жобосун татаалдаштыруу. Тагыраак айтканда, шайлоо участкасын бир жолу гана алмаштыруу, бир облустун ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө тыюу салуу,
  • шайлоого 30 күн калганга чейин даректи өзгөртүү;
  • жасаган иштери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон саясий партияларды кайра шайлоого катыштыруу же катыштырбоо маселесин жөнгө салуу.

Парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялар үч күндүн ичинде арызын БШКга тапшырышы керек. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, дал ушул мыйзам долбоорун карайт.