УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бабановдун 3.5 млрд сом карызын качан кустурат?

Бир нече саат мурун УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өздүк Фейсбук баракчасына кызматка келген убактысынан бери кандай ийгиликтерге жетишкени тууралуу бөлүштү. 

“Официалдуу жумушка чыкканыма бүгүн 3 күн болду. 3 күндө 2 млрд сомдон ашык уурдалган акча өндүрдүк, тергөө аныктаса дагын төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтара баштадык. Бул башталышы гана, буюруса көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат, баарын кустурабыз. Ушул коррупционерлерди кустуруу операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом дагын «взятка» алышпайт, баарын мамлекетке төктүрөбүз, бул маселелер жеке менин көзөмөлүмдө, эч кыжаалат болбоңуздар! Аларды камап кармап олтурбастан уурдаган акчасын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коебуз.

Кыргыз мамлекетинде коррупционер – элдин акысын жеген жана бандит, элди куураткан бир адам да болбош керек!” – деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Эми Камчыбек Ташиев унутуп калбасын деп Өмүрбек Бабановду эскертип коюну чечтик.

Бабановдун жер–жайнаган компанияларынын ичинен бир гана “Манас Интернейшил Сервис”  ЖЧКсында 700 миллион сомдон ашуун каражат жашырылып, салык катары төлөнбөй келатканы, анын капчыгы үчүн гана иштеп жатканынан кабардар кылат.  Бул компаниянын жетекчилигине карата өзгөчө ири суммадагы салыктан качуу фактысы менен мурун эле кылмыш иши козголгон.

Иш тиешелүү адистерден түзүлгөн комиссиянын тыянагы боюнча “Манас Интернейшил Сервис” салык жана бажы өлөмдөрүнүн шарттарын бузуу менен мамлекетке 723 833 710 сом төлөөдөн качканы аныкталган. Бирок, Бабанов ортого “абдан таасирлүү” адамдарды кыпчый коюп, бул кылмыш иштерин өндүрүштөн алдырып койгон.

Ошонун айынан тиешелүү 700 миллион сомдук акча каражаттары мамлекеттин казынасына түшпөй келатат. Бабановдун бул бир гана ишканасы боюнча милдеттүү салыктары, ал эми башка ишканалары канча карыздар экени тууралуу да баяндалат.

Такталган маалыматтарга таянсак учурда Өмүрбек Бабановдун үстүнөн 11ден ашуу кылмыш иши козголгон. Мамлекетке 3.5 млрд сом карыз. Таасирдүү досторунун аракети менен кылмыш иши жабылган.