2020-жылдын 21-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Максат Мамытканов менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн  башчысы Азамат Араев ички иштер министрлигинин өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басарлары милициянын полковниги Октябрь Урманбетов менен милициянын полковниги Эркебек Аширходжоевди тааныштырды.

Милициянын полковниги Урманбетов Октябрь Жолдошевич менен Аширходжоев Эркебек Джумабекович аталган жетектөөчүлүк кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буюрмасы менен дайындалгандыгын эске салабыз.

Аталган иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков , министрдин орун басарлары, министрликтин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Жаңы орун басарларды тааныштырып жаткан Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Максат Мамытканов ички иштер министринин орун басары кызмат орду өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү кызмат экендигин  билдирди. Ошондой эле, өлкө үчүн оор кырдаал учурунда ички иштер органдарынын ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, кызматкерлердин өз милдеттерине болгон жоопкерчилигине жана өлкөдөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту тиешелүү деңгээлде камсыздап жаткан бардык кызматкерлерге жана жаңы дайындалган министрдин орун басарларына чоң ишеним көрсөтүлүп  жаткандыгын да белгиледи.

  Октябрь Урманбетов мурда Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызмат ордунда 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январь айына чейин иштеген. Эркебек Аширходжоев Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башкармалыгынын  начальниги болгон.

    Ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев бул кызмат ордунда 2015-жылдан бери иштеп келген жана ИИМдин кадрлар карамагында болот.

ИИМдин Басма сөз кызматы