Кытайда бир эле учурда үй-бүлөнүн тогуз мүчөсү муздаткычта сакталып турган тез даярдалуучу кесме менен ууланып, көз жумду. Бул тууралуу Daily Star жазды.

Каргашалуу окуя өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Цзисси шаарында болгон. Үй-бүлө Суантанжи аттуу жергиликтүү тез даярдалуучу тамакты жешкен. Алгач үй-бүлөнүн жети мүчөсү, кийинчерээк дагы экөө ооруп калышкан.

Дарыгерлер бир нече күн алардын өмүрү үчүн күрөшүштү. Бейтаптарга уулануу диагнозу коюлган, алардын денесинде күчтүү уулуу зат — Бонгкрек кислотасы табылган. Көрүлгөн  аракеттерге карабастан, дарыгерлер эч кимисин сактап кала алган жок.

Үй-бүлөнүн үч баласы аман калган. Алар башкалар менен кошо кесмени жегенден баш тарткан.