Үй-бүлөлүк психолог Наталья Панфилова кырктан ашкан эркектердин үй-бүлө курууга болгон мүмкүнчүлүгүнө баа берип, эмне үчүн бул курак олуттуу мамилелер үчүн өтө маанилүү болуп баратканын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.


Адис 35 жылдан кийин эркектерде гормоналдык өзгөрүүлөр болуп, психологиянын көз карашы боюнча, алар эксперимент жасоону каалабай калышарын айтты. Бул куракка  чейин, эркектер каталарды оңой эле чечишет, анткени аларды дагы деле болсо оңдоого убакыт бар экендигин түшүнүшөт. Бирок, жаш өткөн сайын чечкиндүү кадамдарга баруудан коркушат. Мындан тышкары, алар белгиленген ыңгайлуу жана кадимки жашоо образын өзгөртүүнү, калыптанган адаттардан баш тартууну каалашпайт.


 Ал ошондой эле айымдар 40 жаштан жогору эркектерге анчалык деле кызыкдар эмес экендигин белгиледи, анткени алар өзүлөрүнүн адаттарын, милдеттерин иштеп чыгышкандыктан жашоо кыйынга турат.

Кээде жаш кыздар мындай эркектердин жашоосуна аралашууга аракет кылышат, бирок аларга ылайыкташуу керектигин байкап, эркек эч жакка кеткиси келбегенин байкаганда, кыздарга жашоо  кызыксыз болуп баштайт.