Жогорку Кеңештин коституциялык комитети бүгүн, 21-октябрдагы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун аны кызматтан бошотуу тууралуу арызын карап, кабыл алды. 

Комитеттин төрагасы  Канат Керезбековдун айтымында, 19-октябрда Жамшитов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атына аны кызматтан бошотуу тууралуу арызын берген. 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар ушул маселени карашат.