Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Би-Би-Сиге маек берди.

Маек толугу менен берилет:

Алды менен кечээги күндүн чоң жаңылыгы болгон Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимовдун кармалып, кайра бошотулушу боюнча пикирин билдирди.

С.Жапаров: Урматтуу эл-журт, мага ишенип ушул кызматка олтургуздуңар, эми аягына чейин ишенип колдоп бергиле. Р.Матраимов боюнча чечимди мен кабыл алдым. УКМК жетекчиси «камайм» деп айтты. Анткени Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, камакка алабыз деп айтышты. Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели деп айттым. Анткени, буга чейин эки жыл мурун А.Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүнөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. К.Кулматовду кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол сыяктуу эле А.Ибраимов, Сапар Исаков ЖЭБ боюнча деп жатат, Эшматов, Ташматов ж.б. бирөөсүнөн мамлекеттик казынага бир тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Мен башкача жол менен кетип жатам. Менин иштөө стилим башкача. Муну биз жети өлчөп, бир кесип жатабыз. Мисалы, Райымды азыр алып барып, беш секундда камап салсак болот. Төрт дубалда жата берет. Бирок бир тыйын келбейт. Анткени, ал өзү камалгандан кийин эсептери жабылат. Мындайча айтканда, кустура албайбыз. Сот жараяны жылдап уланат. Эгерде азыр камакка алып, анан ишти тергейбиз десек, үй-мүлкүн конфискация кылабыз десек, анда бир үйүн же машинесин, макул бир обьектисин алалы. Бирок ал 24 миллион эмес, 2 миллионго дагы чыкпаган мүлк болот да. Ошондуктан мен силерден суранам, бир эле Райым эмес, бардык коррупционерлер кусат. Биз кустуруу жол менен кетебиз. Андай кылбайбы, камакка алынат. Кечээ күнү кармалгандан кийин дароо 80 млн сом төктү. Тергөө органдары менен иштеше турган болду. Ноябрдын аягына чейин 2 млрд. сом төгөт. Эми бул башы эле, азыр изилдене элек. Мына, Ташиевдин кызматка чыкканына үч эле күн болду. Үч күндүн ичинде кармап келди. Менин деле жумушту баштаганыма үч эле күн болбодубу. Анан эми эч нерсе боло электе эле дүрбөлөңгө түшүп, «мурун сүйлөшүп алышыптыр», «анан чыгарып жиберүүдө» дегенди токтотуп, тескеричинче, эл-журт, журналисттер бизге колдон-буттан алып, жардам берип турсаңыздар. Эгер коомчулук талап кылса, азыр дароо камакка алып койгонго болот. Бирок андан эмне пайда? Биз бюджетке акча түшүрөлү да. Жетишпестик жылдын соңуна чейин 30 млрд ашык экен. Пенсия, жөлөк пул, айлык төлөп беришибиз керек. Кыскасы, бюджеттин тешигин бүтөшүбүз керек.

Би-Би-Си: 2 миллиард сомду төлөй турган болду деп жатасыз. Эгерде мындан дагы көп сумма тууралуу сөз болуп жатса, ал канча сумма?

С.Жапаров: Азыр иш баштала элек. Аны жаңы кармап келдик. Эгерде ал Дубайга чыгып кеткен болсо, биз анда жылдап издеп жатмакпыз. Дубай менен качып кеткендерди өткөрүп берүү боюнча келишим жок болгондуктан, аны өткөрүп алалбай калмакпыз. Учурда канчасы качып жүрөт. Бүгүн деле беш жылдап, он жылдап качып жүргөндөр бар. Мурдагы бийлик бирөөнү кармап келип, бир тыйын төктүрө алдыбы? Жок! Биз радикалдуу кадамдарга барбай, жети өлчөп бир кесип, мамлекетке жана элдин кызыкчылыгына пайда алып келген жол менен кетели. Аягында барып тергөө иштери жүрөт, анан сотко барат, сот чечим чыгарат.

Би-БИ-Си: Алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого катышуу боюнча так чечим кабыл ала элекмин деп айтып келдиңиз. Учурда кандай чечим кабыл алдыңыз?

С.Жапаров: Эгерде мыйзам жол берсе, мен катышам. Бүгүнкү конституция боюнча жол берилбейт экен. Биз конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөтүп жатабыз. Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде карап, чечимин чыгарып берсе, аны элге алып чыгалы деп жатабыз. Мурда ар кандай сунуштар болду. Өткөндө ушул мыйзамдар менен шайлоого барышыбыз керек экенибизди Жогорку Кеңеште дагы айтканмын. Бул жерде бардык саясий күчтөр менен компромисске келип, бардык жолдорун карап, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бир нукка түшүп кетели деген алдын ала келишим болду. Эми ошол мыйзам өтсө, чечим кабыл алабыз. Азырынча чечим кабыл алган жокмун.

Би-Би-Си: Парламенттик, президенттик шайлоолорду таза, акыйкат өткөрөм деген убадаларды берип жатасыз. Кандай так кадамдарга бардыңыз?

С.Жапаров: Отуз жылдан бери үчүнчү революцияны баштан кечирип жатабыз. Бул революциялар таза эмес шайлоодон келип чыкты. Биринчиси, «Алга Кыргызстандан» кетти, экинчиси дагы президенттик шайлоону тез арада өткөрүп алып, эми үчүнчү ушул болуп жатат. Менин максатым, шайлоолорду кандай гана жол менен болбосун, бюллетенби, электрондук ящик менен болобу таза өткөрүп берүү. Мен БШКга блокчейин системасын киргизели деген тапшырма бердим. 25 миллион доллардын тегерегинде болот экен. Бул акчаны дагы таап жатабыз. Блокчейин системасын киргизип салабыз. Балким, ушул келе жаткан шайлоолорго үлгүрүп калышыбыз мүмкүн. Үлгүрбөсөк, ал шайлоолордон кийин сөзсүз киргизебиз. Блокчейн системасында купуялуулук корголот, Баткенде туруп добуш берсеңиз, ал дароо чыгып калат. Эгерде уурдалып жатса, төрт борбордун үчөө бөгөт коет. Мындай системада добушту бурмалоого мүмкүн эмес. Биз ошондой системаны орнотобуз. Буга убакыт керек, бирок мен орнотуп кетем. Ошондой кийин шайлоо боюнча эч маселе жаралбайт. Таза эмес өттү деген маселе жоголот.