Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Акылбек Жапаровдун ортосунда  кайым айтышуу болду.

Акылбек Жапаров шайлоо мыйзамын өзгөртүүгө каршы чыкты. «Конституцияга ылайык, кайра шайлоону уюштурган партиялар катышпашы керек. Сиз “Биримдик” жана “Мекеним” партияларынан талапкерлерди кайрадан парламентке алып келүүнү каалайсыз. Мен мындай түзөтүүгө каршымын », — деди ал.

Алтынбек Сулайманов Акылбек Жапаров «Мекеним Кыргызстан» партиясынан өч алып жатат деп жооп берди. «Сизди бул саясий уюмга кабыл алышкан жок, ошондуктан сиз өч алып жатасыз», — деп кошумчалады ал.