Bill Gates, co-chair of the Bill and Melinda Gates Foundation, speaks during the Bloomberg New Economy Forum in Beijing, China, on Thursday, Nov. 21, 2019. The New Economy Forum, organized by Bloomberg Media Group, a division of Bloomberg LP, aims to bring together leaders from public and private sectors to find solutions to the world's greatest challenges. Photographer: Takaaki Iwabu/Bloomberg

Дүйнөнү каптаган  коронавирус пандемиясы, кырдаал турукташканга чейин курчуп, кеминде 2021-жылга чейин коркунуч туудурат, деди GeekWire саммитинин жүрүшүндө Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс.

Ал жабык жайларда адамдардын саны көбөйүп, аба ырайы суук болгондо Европа жана Америка Кошмо Штаттарында коронавирустун жаңы толкуну келе жаткандыгын баса белгиледи.

» Күзүндө каза болгондордун жана өлүмдүн санынын өсүшүн күтүүгө болот», — деди ал.


Андан кийин кырдаал оңолоорун айтты: «Жакшы жаңылыкты — жылдын аягында же кийинки жылдын башында күтүүгө болот. Анткени, кыйла натыйжалуу дары-дармектер  — биринчи кезекте моноклоналдык антителолор пайда боло баштайт. Учурда  сыналып жаткан үч фазадагы биринчи алты вакцинанын экөө же үчөө жактырылат. Бул бизге инфекцияны азайтууга жардам берет «, — деп божомлдойт Гейтс.


Бирок, Гейтс вирустун жайылышы дүйнө жүзү боюнча аяктамайынча, пандемияны эч жерде толугу менен жеңүү мүмкүн эмес деп эскертти.