ИИМ БШКдагы абал жөнүндө. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында милиция кызматкерлери күбөлөрдү суракка алып келүүгө милдеттүү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы 2020-жылдын 5-6-октябрь күнү Бишкек шаарында катталган массалык баш аламандык фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык баш аламандык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат.

 Иликтенип жаткан иштин алкагында 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын лидерлери жана алардын тарапташтары Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына уруксат берилбеген митингге чыгышкан.

Массалык баш аламандыкка түрткү болгон себептерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы 2020-жылдын 5-октябрь күнү болгон окуянын жагдайларын аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн күбө катары суракка алуу үчүн кабарлама берүү менен камсыздоо тапшырмасы берилген.