Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети башкы прокурор кызматына депутат Курманкул Зулушевдин талапкерлигин жактырды.

Башкы прокурор кызмат ордуна Курманкул Зулушевдин талапкерлиги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан көрсөтүлгөн.

Эми Зулушевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

Эскерте кетсек, буга чейин башкы прокурор болуп келген Өткүрбек Жамшитов бүгүн кызматтан бошотулган.