Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун кармалып, кайра бошотулушу боюнча BBC радиосуна маек курду.

Анда , Садыр Жапаров Райым Матраимов боюнча чечимди өзү кабыл алганын билдирген.

«УКМК жетекчиси «камайм» деп айтты. Анткени Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, камакка алабыз деп айтышты. Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели дедим. Анткени буга чейин эки жыл мурун Алмазбек Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүңөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Кубанычбек Кулматовду кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол сыяктуу эле Албек Ибраимов, Сапар Исаков ЖЭБ боюнча деп жатат, Эшматов, Ташматов жана башкалардын бирөөсүнөн мамлекеттик казынага бир тыйын төктүрдүңөрбү? Жок!» – деген Жапаров.

Премьер-министр анын иштөө стили башкача экенине токтолгон.

«Мисалы, Райымды азыр алып барып, беш секундда камап салсак болот. Төрт дубалда жата берет, бирок бир тыйын келбейт. Анткени ал өзү камалгандан кийин эсептери жабылат. Мындайча айтканда, кустура албайбыз. Сот жараяны жылдап уланат. Эгерде азыр камакка алып, анан ишти тергейбиз десек, үй-мүлкүн конфискация кылабыз десек, анда бир үйүн же машинесин, макул бир объектисин алалы. Бирок ал 24 миллион эмес, 2 миллионго дагы чыкпаган мүлк болот. Ошондуктан мен силерден суранам, бир эле Райым эмес, бардык коррупционерлер «кусат». Биз кустуруу жолу менен кетебиз. Андай кылбайбы, камакка алынат. Кечээ күнү кармалгандан кийин дароо 80 миллион сом төктү. Тергөө органдары менен иштеше турган болду. Ноябрдын аягына чейин 2 миллиард сом төгөт. Эми бул башы эле, азыр изилдене элек. Мына Ташиевдин кызматка чыкканына үч эле күн болду. Үч күндүн ичинде кармап келди. Менин деле жумушту баштаганыма үч эле күн болбодубу. Анан эми эч нерсе боло электе эле дүрбөлөңгө түшүп, «мурун сүйлөшүп алышыптыр», «анан чыгарып жиберүүдө» дегенди токтотуп, тескерисинче, эл-журт, журналисттер бизге колдон-буттан алып жардам берип турсаңыздар. Эгер коомчулук талап кылса, азыр дароо камакка алып койгонго болот, бирок андан эмне пайда?..» – деп суроо салды Жапаров.

Өкмөт башчы жылдын соңуна чейин жетишпестик 30 миллиарддан ашык экенин белгилеп, бюджет тешигин бүтөө зарылдыгын кошумчалаган.