Бул тууралуу Фейсбук колдонуучу Нургуль Ырысбаева жазып чыкты. Анын айтымында, иниси катуу ур-токмокко кабылган.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

“Урматтуу калайык калк, жергиликтуу бийлик Эгемендуу мамлекетибизде оз акчасына жана байланыштарына ишенип ур токмокко алып олум чегине жеткиргендер кобойуудо.

Соз башынан болсун. Озгон районуна караштуу Шоро-Башат айылында 5-октябрь куну тунку саат 12лер чамасында иним Иметалиев Нурсултан Иметалиевичти чалып озун кел деп чакырышкан. Чакырган балдар Шоро-Башат айылчынын тургундары Абдуллаев Кутмидин Нажимидинович (1988г.р.), Бабатаев Расул Маданович (1989г.р.), Кочоров Данияр Авазович (1994г.р.) ошондой эле Мырза-Аке айылынын тургуну Доолотбек Ормонов (1984г.р.) болгон. Бизге маалым болгондой Марза-Аке айылынын атуулу Доку каймана аты менен таанымал болгон криминал дуйносундо жургондордун бири.

Иним жаманды ойлобой чалган балага жалгыз барып суйлошом деген. Жолдон 2 жолдош досторуна жолугуп алар шашлык жеп келууну сунуштайт. Иним чакырган балдарга жолугуп отом деген ойдо 2 досун алып алат. Алар машинанын артында болушат. Досторун машинадан тушпоосун суранат. Иним машинадан тушоору мн тапанчанын арты менен башка коюп жиберет. Ал башын кармаганда жапырт ур токмокко алышат. Эки баланын колунда тапанча (пистолет) ал эми берки балдардын колунда элекрошокер жана бита ( бейсболдун таягы) болот. Машинанын артындагы дос баласы Жапаров Нурали тушо калып алда алардын таягын жеп бети башы жарылганда кучу жетпесине ынанып, качып Нурсултандын тагасына жардамга чакырууга кетет. Ал эми экинчи досу Камчыбек у. Алимбек машинадан тушуп оз жанын ойлоп, коздон кайым болгон.

Бул балдар инимди уруп гана тим болбостон олтуруу аракетин кылышкан. Досу Нурали тагасы Арстанбекти чакырып келген убакта балдар качып кетишет.

Азыркы убакка чейин акылыбызга сыйбай келет. Айыл жериндеги балдарда кайдан тапанча??? Бул балдарды даярдап жана дайындап, заказ кылып колдоруна курал карматкандар башкалар!!..

Кырсык болуудан 15 кун мурда Ашим у. Суймонкул (1994г.р.) аттуу жигит инимдин досторуна » Нурсултанды чаап же атып кетет братандар» -деп айткан кебин ырасташууда. Ал братандары азыркы тапта акчалуу, байланыштарына ишенген Мамбетов Бакыт жана Насипов Алым. Шамал болбосо теректин учу кыймылдабайт демекчи, айыл эли мунун баары ушул экоонун гана заказы деген тыянакта.

Бирок далилдоолор жок. Братандар атына ээ болгон Бакыт мн Алым мойнуна албай танууга болгон аракеттерин жумшап жатышат. Ууру тойгончо жеп, олгончо карганат деген соз бекеринен айтылган эместир…

Урган уч бала Насипов Алымдын окул уулдары. Ал эми Алымдын окул атасы Мамбетов Бакыт.

Бакыттын окул атасы Жогорку Кенештин депутаты Ормонов Улугбек Зулпукарович. Бул заказ кылган балдар оз акчаларына жана байланыштарына ишенип жаткан чыгаар.

Инимди чаап же атып кетчуу Бакыт менен Алымдын инициативасы экенинда далилдеп буруунуздорду отунобуз

Урматтуу премьер-министр жана и.о. Садыр Нургожоевич, УКМК начальниги Камчыбек Кадыршаевич сиздерден отунуч коррупцияга жол бербей, ар ким оз окул атасына жамынбай адилеттуу карап куноолуулорду таап мыйзам чегинде жоопко тартышыныздарды отунобуз.

Айыптуу балдардын учоо Казакстандын чек арасынан кармалып , Ош шаарынын номер 25чи убактылуу кармоочу жайында отурушат. Калган эркиндикте жургон жана заказ кылган балдарды да кармап тергоо системасы тездетип бериниздер. Тергоо Озгон РОВДда каралып жатат. Бирок эч кандай жылыш жок.

Инимдин абалын томонку суроттордон жана видеодон коро аласыздар .

Баштан оор травма алган. 3 жеринде гематома, жаактары, тиштери талкаланган, эриндери жыртылган жана он колунун манжалары сындырылган.

2020-жылдын 7- октябрьда ОМОКБ Нейрохирургия болумундо операция жасалды. Бугунку кундо абалы оор бойдон калууда.

Кунолуулордун татыктуу жаза алышына, баардыгы мыйзам чегинде каралуусуна салымыныздарды кошуп козомолдоп беруунуздорду суранабыз… »,-деген ал.