Жогорку Кеңеш айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырып, тиешелүү токтом кабыл алынды.

Жогорку Кеңешке Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тааныштырды.

Буга чейин айыл чарба министри кызматын Эркинбек Чодуев ээлеп келген.