Бул тууралуу Мунара Алимжан кызы Фейсбук баракчасына жазды. Анын айтымында китеп болгону 1000 нускада жарыкка чыккан.

«Эл акыны Элмирбек Иманалиевдин артында калган аманаты, руханий мурастарынын бир үзүмү, тактап айтканда поэзия жыйнагы жарыкка чыкты.

Бейиши болгур агабызды казынасында дагы далай көөнөрбөс мурастары бар. Анын баарын четинен иреттеп, чып-чыргасын коротпой элге жеткирсем деп турган жеңебиз Абдырашитова Нурзатка рахмат.

Китеп болгону 1000 нускада жарык көрдү.

Баасы 500 сом. «АМАНАТ» поэзия жыйнагын сатып алган окурманга «Ак таңдагы Ак Бата» китеби белекке берилет.

Бир жумадан кийин сатыкка чыгат” ,- деген ал.