Кытайдын Хайнань аралынын түштүгүндөгү автономиялуу округда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кирешеси жыл башынан бери 100 миллион юанга (15 миллион доллардан ашык) өстү. Бийлик жакырчылык менен күрөшүүдө- жаңы жумуш орундарын түзгөн электрондук коммерцияны өнүктүрүү  ыкмасын тапты. Бул тууралуу ТАСС «Hainan Daily» басылмасына шилтеме берүү менен жазат.


Өкмөттүн бул ыкмасы кедей деп эсептелген 42 миң адам кирешеси боюнча орто класс болуп калгандыгына алып келди. Округда 3,4 миңден ашуун чакан интернет дүкөндөр иштеп жатат, ушул жылдын үч кварталында алар 11 миң адамды жумуш менен камсыз кылышты. Мындан тышкары, Хайнанда керектөөнү стимулдаштыруу максатында фестивалдар жана айыл чарба продукцияларын жайылтуучу көргөзмөлөр өткөрүлөт. Ушул жылдын башында арал жакырчылыкты жоюу боюнча мамлекеттик планды мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгын жарыялаган.


Коронавирус пандемиясына карабастан, Кытайдын экономикасы январдан сентябрга чейин 0,7 пайызга өскөн. Тогуз айда айыл чарба тармагы 2,3 пайызга, өнөр жай 0,9 пайызга, тейлөө тармагы 0,4 пайызга өскөн.