Уйду эркелетип, сылап, кучактоо стресстен арылтат

163

Нидерландияда ден-соолукту чыңдоонун жаңы тенденциясы пайда болду. Ал адамдардын фермаларга барып, уйларды кучактоосунан турат. Тиешелүү кызматты өлкө боюнча бир нече чарбалар көрсөтөт деп жазат “Би-Би-Си”.

Бул практика “кое кнуффелен” деп аталып, ал голланд тилинен которгондо “уйду кучактоо” дегенди билдирет. Бул тенденцияны жактагандардын айтымында, жылуу дене жана уйдун чоңдугу тынчтанууга жана окситоцин гормонунун пайда болушуна өбөлгө түзөт, ал өз кезегинде стресс менен күрөшүүгө жардам берет.

«Уйду кучактоо – бул өзгөчө сезим. Уйдун жүрөк кагышы адамдарга эс алдыруучу таасири бар экендиги далилденди », – дейт кесипкөй консультант жана ветеринардык консультация аянтчасынын клиникалык директору Прери Конлон.

Анын айтымында, адамдарга аттар менен баарлашуу да оң таасирин тийгизет. Ал үчүн ат минүү эмес, жаныбарлар менен убакыт өткөрүүнү сунуштайт.