Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте “Эмгек-өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусу текшерүүгө алынып, 10 жашы жете электер иштеп жатышкандыгы аныкталды. Алардын ата-энелери жана жакындары чакыртылып, тиешелүү жумуштар алып барылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерди балдарын оор жумушка иштетпөөгө чакырып, аларды өз камкордугуна алууга үндөштү.