«Манас» аэропортуна жетекчи болуп дайындалган Бакыт Сыдыков кызматтан кетет

Кечээ, 21-октябрда «Манас» эл аралык аэропортуна жетекчи болуп дайындалган Бакыт Сыдыков жетекчилик кызматтан кетет. Бул тууралуу “Фабула” президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун сөздөрүнө таянуу менен  жазып чыкты. 

«Манас» эл аралык аэропортуна жетекчи болуп барган Бакыт Сыдыковду Мүлк фонду дайындады. Себеби аэропорттун жетекчилигин дайындоо алардын укугуна кирет. Бирок элдин талабын эске алып, мен ал киши менен сүйлөштүм. Бизге жаштар керек, жаш жетекчилер иштесин деп айттым. Ал кызматынан кетет»,- деди Жапаров.