Бул баян атасынын жолун жолдогон КР  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун кызматкери, милициянын подполковниги Алымов Белек Зарлыкович тууралу.  Белек юридикалык билим алган, ал КР ИИМдин Э.Алиева атындагы Академиясын бүтүрүп,  учурда  ЖКККББнын мониторинг борборунун укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатат. Кайсы гана кесип болбосун, үй-бүлөлүк династиянын кадыр-барктуу орду бар.

 Үй-бүлөнүн атасы, милициянын полковниги Алымов Зарлык Алымович катардагы милиционер айдоочулук кызматын 1974-жылы баштап, издөө бөлүмүнүн башчысына чейин жеткен. Учурда ардактуу эс алууда жүрүп дагы Чүй облусундагы Пригородный айылынын аксакалдар сотунун төрагасы, айылдык кеңештин депутаты. Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы. Ички иштер органдарында 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар, ички иштер органдарында кынтыксыз иштегендиги үчүн бир нече жолу медалдар жана сыйлыктар менен сыйланган. Атасынын изи менен уулу Белек да ишенимдүү кадамдар менен бара жатат.

 Белектин айтымында, ал өз кесибин атасынын жолун жолдоп тандап алган, ал ар дайым милиция кызматкери биринчи кезекте чынчыл, адептүү, мыкты адис болушу керек, ошондой эле элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат өтөшү керек деп эсептейт. “Жумушту натыйжалуу аткаруу үчүн, аны дагы сүйүшүңүз керек. Жол коопсуздугу камсыздаган кызматкеринин ишинде ар дайым оор учурлар болот, бирок баардык тосколдуктарды  жеңип, эч нерсеге карабай алдыга умтулуу шарт – дейт өз сөзүндө Белек мырза.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы