Белгилүү оруссиялык актер Сергей Безруковдун туулган күнүнө анын театрдагы кесиптештери көчөттөр салынган кутучаны белек кылышты.

Актер алгач, бул белекти чынында өсүмдөктөр деп кабыл алганын жашырган эмес. Анын өздүк майрамынын урматына театр актерлору жаңы чыгып келе аткан көчөттөрдү элестеткен торт беришкен.

“Рахмат, урматтуу бир туугандар, кутукттоолорго! Жана бардык жылуу сөздөр үчүн РАХМАТ!”,- деген билдирүүнү социалдык баракчасына жазды.