Бул  тууралуу журналист Кудрет Тайчабаров Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында,  2 миң тонна темир 32 миллион сомго сатылып жаткан экен.

«Биз кыйкырдык, финпол баса калды. 2 миң тонна темир 32 миллион сомго сатылып жаткан экен. Ал эми тендер-мендерди уруп ойнобой алып аткан фирма кимдики дебейсиңерби? ЖУМАЛИЕВдики … А финпол болсо ЖАПЫКЕЕВ.

Тагдыр өтө тамашакөй чувак окшойт )

Баса: Садыр Нуркожоевич, бул тармакта иштеген бир киши бар экен. 3 айга кызматка коюп көрбөйсүзбү, бүт коорупциялык иштердин бетин ачып берем деп туру. Коллектив да коррупционерлерден, ууру жетекчилерден тажаптыр”,-деп жазды.