Мындай пикирин КРдин Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев социалдык баракчасына жазды.

 Анын айтымында, “Кыргызстанда орусча ырдоого расмий руксат берилген, Ал эми Кыргызстанда туруп эле, орусча ырдагандар кыргызча ырдоого руксат бербегени — бул биздин элдин «жумшактыгы», башка дагы кантип түшүндүрөбүз.

Илгери, эсиңиздерде болсо, «Кыргызстан Обондору» радиосу менен иштешүүнү токтотуп, ырларымды алдыртып салдым эле. Себеби, радионун кожоюндары (улуттары кыргыз эмес), «обондорунун» жетекчилигине орус кызды олтургузуп коюшуптур. Каршылыгым жок болчу, эгер ал кыргызча билген, кыргыз ырларын түшүнгөн болсо. Тилекке каршы, ырчыларды тааныбайт, керек болсо өтүп кеткен залкарларыбызды уккан дагы эмес экен. Радионун кожоюнуна алмаштырыңыз десем, болбогондуктан ырларымды толугу менен эфирден токтоттурдум. Менин артымдан ырчы, обончу инилерим дагы ырларын алдыра башташты. Кийин радионун кожоюну чалып алып, келгиле, кыргыз билимдүү кызды койдук, иштешели деп калышты. Ошондо мен айттым эле, биз кыргыздар жумшак элбиз. Керек болсо меймандарды мойнубузга миндирип алабыз, бирок ал сыйды туура эмес тушунуп алгандар болсо, анда биздин арабызда орун жок. Биздин тилди, улуттук баалулуктарды шылдыңдашка эч кимдин акысы жок, биз тирүү турганда, жол бербейбиз”,-деп жазды.

Эске салсак, буга чейин интернетте “Империя Пицца” караокесинде келген конокторго кыргыз тилинде ырдоого тыюу салынган видео тараган.