Укуктук сабаттуулукту жогорулатуу  максатында Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Академиясынын Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы тарабынан “Үй-бүлөөлүк зомбулуктун актуалдуу маселелери” аттуу онлайн тегерек стол уюштурулду. Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, областтардагы ИИБнин КККнын, ИИМдин Республикалык окуу борборунун кызматкерлери, кризистик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндөгү зордук- зомбулукту алдын алуу азыркы учурда актуалдуу маселелердин бири катары саналгандыктан, укук коргоо органдары тарабынан жана жалпы эле коом тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Буга байланыштуу тегерек столдун жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана коргоо боюнча мыйзамдарды колдонуунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле балдарга карата зомбулукту алдын алуу маселелери каралып, республиканын ички иштер органдарынын бул жааттагы профилактикалык ишинин ар кандай аспектилери каралып, изилденди. Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана алдын алууну күчөтүү жана өркүндөтүү, бардык кызыкдар уюмдардын тармактар аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы