2020-жылдын 22-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов өзүнүн орун басарлары менен биргеликте 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандык учурунда жаракат алып ИИМдин ИКАКтын дарылануу-алдын алуу борборунда дарыланууда жүргөн аскер кызматкерлери менен жолугушту.  

Колбашчы Исламбек Кенжекулов аскер кызматкерлери менен баарлашып, тез арада сакайып кетүүлөрүн каалап кетти. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчылыгы аскер кызматкерлеринин толук кандуу сакайып кетүүлөрүнө жана катарга кайтып келүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирип, ал үчүн болгон күчүн жумшаарын баса белгиледи.

ИИМдин ИКАКтын Басма сөз кызматы