Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Кадрдык курамды жашартуу мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилелерди киргизүүгө, ар кыл тармактарда системдүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз түзүүгө өбөлгө болот.

Эске салсак, Айдарбеков буга чейин 2018-2020 аралыгында өлкөнүн Тышкы иштер министри болуп эмгектенген.