Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын “Мугалимдердин укуктары жана милдеттери” жөнүндө 29-беренесине ылайык, республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин милдеттүү отчеттук документин карап чыгуу жана бекитүү боюнча төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлдү:

— Токтомаметов А. Д. – Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, төрага,

— Пак З. А. – Мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси,

— Сатарбаева Т. С. – Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы,

— Акматова Г. К. – Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы,

— Дайырбекова Г. М. – «Креатив Таалим» жеке менчик мектебинин директору,

— Сайназаров К. – билим берүү тармагы боюнча эксперт,

— Сагындыкова М. Ж. – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Б. Бейшеналиева атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары,

— Подмарева И. Ф. – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы № 1 А. Айдарбеков атындагы Лебединовка мектеп-гимназиясынын мугалими,

— Омурзакова Жылдыз Тилековна – Чүй облусунун Сокулук районундагы №2 Ново-Павловка мектеп-гимназиясынын орус тили мугалими,

— Айдаралиева К. С. — Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын химия мугалими,

— Орозонова К. – Бишкек шаарындагы №69 орто мектебинин кыргыз тили мугалими.

Жумушчу топ мугалимдердин окутуу жана тарбиялоо ишмердүүлүгү боюнча милдеттүү отчеттордун тизмесин 2020-жылдын 10-ноябрына чейин иштеп чыгат.

Мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы жогорудагы иштелип чыккан тизмени министрликтин буйругу менен бекитип, облустук усулдук борборлордун, институттардын жетекчилерине, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жеткирилет.