Күз мезгилинин келиши менен жайлоодон көпчүлүк малдар айылга түшүрүлүп, ээлерине кайтарылып берилүүдө. Демейдей, кар жаганга чейин, малдын дээрлик бөлүгү автожолдордун бойлой талааларында жайылып, өзгөчө түнкүсүн жол кырсыктарына өбөлгө түзүп, коркунуч жарата баштайт.

Малдар менен байланышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында өткөн жылдан баштап, малдарга түнкүсүн жарык берүүчү тасмаларды байлоо иштери колго алынып келүүдө. Ишке мындай мамиле жасоо менен облустун жолдорундагы жол кырсыктарынын алдын алууда өзүнүн жакшы жыйынтыктарын берүүдө.

Кечээ, аталган иштер Жети-Өгүз районунда өткөрүлдү. Райондун милициясына түнкүсүн жарык берүүчү тасмаларды сатып алууда, жергиликтүү бийлик органдарынын салымы өтө зор.

Жети-Өгүз РИИБи боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдө кызматынын маалыматына караганда, бир күндүн ичинде 4 айыл аймагынын айылдарында мындай иштер өткөрүлүп, малдарга жарык берүүчү тасмалар байланды. Айдын аягына чейин район толук камтылмакчы. Мындан тышкары, мал ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, малдарды түнкүсүн жол бойлорунан алыс жайылышы керек экендиги эскертилип, мызамдардын талаптары жеткерилүүдө.

Айрым мал ээлеринин кадыгерлигинен улам, түнкүсүн жылкылар жолго чыга калышкандан, жол кырсыктар орун алууда. Райондо жыл башынан малдын катышуусу менен 15 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болсо, 6 адам денелеринен жаракат алышкан.