УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алууларды тийиштүү тендер өткөрбөстөн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды.

Такталгандай, 2011-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) биринин өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын эсептөө приборлорун техникалык тейлөө жана текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну жана ошондой эле  ысык жана муздак сууну  сынаксыз жана тийиштүү тендерсиз, ишке ашырышканы аныкталды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.