Урматтуу Кыргызстандыктар!

Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.

Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, (катуу бут тосуулар болуп жатат) баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт.

Парламент июньга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июньга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июньга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула.

30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот!