Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев менен баарлашып NazarNews маалымат агенттиги саясаттагы айрым жагдайлар боюнча пикир алышты.
-Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткени абалды курчутпай туура эле болдубу?
-Эгер кетем деп айтканы чын болсо, сөзүнө туруп кеткени туура эле болду. Эми элде да шайлоо таза өтөт деген ишеним пайда болот. Бирок, жаңы Өкмөт башчысы да шашпай, алды-артын карап, акылга салып иш алып баруусу зарыл.
-Садыр Жапаровго президенттик шайлоого катыша алабы?
-Эгер төрага жок болуп, Өкмөт башчысы Президенттин да милдетин аткара баштаса, анда ал Конституция боюнча Президенттик шайлоого катышууга укугу жок болуп калат.
-Баса, парламенттик да, президенттик да шайлоо жакын арада болушу керек дегендер да чыкты. Кыргызстан эки шайлоону көтөрө алабы?
-Башка жол жок. Бирок, эки шайлоо тең өз мөөнөтүндө өтүшү керек.
-Президенттин отставкага кетиши эл аралык аренада жоготууларга алып келеби?
-Кандайдыр бир деңгээлде, коомдогу саясий туруксуз эл аралык мамилелерге сөзсүз таасирин тийгизет. Биздин өнөктөштөр, эл аралык уюмдар, туруктуу, элдин ишенимине ээ болгон бийлик менен кызматташууну туура көрүшөт.
-Шыкмаматов менен Жапыкеевге президенттин буйругу менен кылмыш иши козголгонбу?
-Ким буйрук бергенин так айтуу кыйын бирок, укук коргоо жана күч органдары жакында болуп өткөн баш-аламандыктын уюштуруучуларына жана катышуучуларына укуктук баа берүүсү зарыл. Албетте, баарына бирдей мамиле кылуу зарыл. Бизде, кээде, күнөөсүздөр жоопко тартылып, күнөөлүүлөр соодалашып, чоң кызматтарды ээлеп калышат. Андайга жол бербеш керек.
Булак: NazarNews.kg