Нариман Түлеев эгер борбор калаанын муниципалитетинин башчысы үчүн күрөш токтобосо, анда биринчи вице-мэрликтен кетүү боюнча арызын кайтарып аларын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, Фейсбук социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Мен толугу менен дайындалган биринчи вице-мэрдин кызматынан кетүү жөнүндө арызымды кайра кайтарып алууга даяр экенимди эскертем. Ал эми азыр бул кызматка бирөөнү дайындоо үчүн эч кимде мыйзамдуу негиз жок. Бүгүнкү күндө менин кызматтан кетишимди мэр гана кабыл ала алат, ал эми мэрдин милдетин аткаруучуну сыртынан эч ким, ал тургай премьер-министр да дайындай албайт. Чындыгында менин арызым эч нерсени билдирбейт, анткени аны эч ким кабыл алган эмес жана кабыл ала албайт. Эскерте кетсем, эл аралык коомчулук тарабынан куттуктоо же сүйлөшүү түрүндө бийликтин легитимдүүлүгүн таануу жаңы гана башталды. Короодо пандемиянын жаңы толкуну эл аралык жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн колдоосусуз өтө оор болот. Мунун кесепети кайгылуу болушу мүмкүн», — деп жазды ал.