КР УКМК өткөзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик архитектура агенттигинин мамлекеттик экспертизасы, Кыргыз Республикасынын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигининкызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылары аныкталды.

Такталгандай, 2019-жылдын август айында Ахунбаев көчөсүнүндөгү көп кабаттуу курулуштардын уруксат документинде,Кыргыз Республикасынын мыйзамдырынын талабында көрсөтүлгөн талаптарды одоно бузуу фактысы аныкталган. «Айлана-чөйрөнү коргоо» жана «Экологиялык экспертиза жөнүндөгү» мыйзамда сейил бактарда, скверлерде, турак үйлөрдө, жол жээгиндеги көрктөндүрүү аймактарында имараттарды жана башка курулмаларды долбоорлоо, куруу, суу коргоо зоналарынын чегинде ага ылайык имараттарды долбоорлоого жана курууга тыюу салынган.

2020-жылдын 22-октябрында сотко чейинки өндүрүш КР кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менген пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын арасынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

КР УКМК Басма сөз борбору