Эгерде коронавирус менен ооругандардын саны азыркы эпидемиологиялык кырдаалда 10 миң кишиден ашпаса, дары-дармек бир жарым айга жетет. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) маалымат кызматынан кабарлашты.
COVID-19 эпидемиясы башталгандан тарта ММКФ консолидардык бюджетинен саламаттык сактоо мекемелерине дарыга жана медициналык багытта пайдаланчу каражаттарга 1,6 миллиард сом бөлгөн.
“Учурдагы эпидемиологиялык абалда эгерде 8 000 -10 00 адам ооруп калса, коронавируска каршы саламаттык сактоо мекемелериндеги дары-дармектер 1,5 айга жетет”, — деп билдиришти.
ММКФ 92 позиция боюнча калган дарылар тууралуу маалыматтарды топтоп турары айтылды.
Алар саламаттык сактоо мекемелеринде дары-дармектердин 322,4 миллион сомдук кору бар деген маалыматты таратышты.
- Бишкек — 45,7 миллион сом;
- Ош облусу — 179 миллион сом;
- Жалал-Абад облусу — 41,6 миллион сом;
- Баткен облусу — 20,4 миллион сом;
- Чүй — 13,6 миллион сом;
- Нарын облусу — 12,9 миллион сом;
- Ысык-Көл облусу — 7 миллион сом;
- Талас облусу —5 миллион сом.