Азыркы учурда кылмыштарды иликтөө жана  бетин ачуу эксперттик-криминалисттик изилдөөлөрдү пайдаланууну талап кылат.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалисттик борборунун кызматкерлери дактилоскопиялык, трасалогиялык, кол жазманы таануу, баллистикалык экспертизаларды жана баңгизат, спирт камтыган каражаттарды химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

 Адистер кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз салымдарын кошушууда. Ушул жылдын 9 ай ичинде 15992 окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүүгө, 4294 ыкчам-иликтөө иш-чараларына, 1958 тергөө амалдарына катышкан.

Автоматташтырылган идентификациялык издөө тутумун пайдалануу менен ыкчам анализди талдоо аркылуу 231 кылмыш ишинин бети ачылып, 217 адам кармалган.

Жалпысынан 3373 экспертиза жүргүзүлдү: 1745 дактилоскопиялык, 96 трасологиялык, 247  ар кандай куралдарды изилдөө, 507 баллистикалык, 139 техника-криминалисттик, 208 кол жазма таануу, 429 баңгизаттарды изилдөө, 2 жарылуучу каражаттарды техникалык изилдөө боюнча экспертизалар жүргүзүлгөн. Андан сырткары, 703 профессионалдык изилдөө жүргүзүлгөн. 171 өздүгү таанылбаган адамдын өлүгү идентификацияланган.

  “СОНДА” автоматташтырылган маалымат базасына 9497 дактилокарта менен 2280 колдун издери киргизилген.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалисттик борборунда “ТАИС” автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык тутум иштөөдө. Аталган тутум куралдар жөнүндө маалыматтарды издөө жана сактоо үчүн арналып, экспертизага келип түшкөн гильзаларды жана окторду кыска убакыттын ичинде текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2020-жылдын 9 ай ичинде маалымат тутумуна 602 катталган ок атуучу куралдар үлгүлөрү, октор жана гильзалар, 465 жаракаттандыруучу тапанча, 3576 криминалдык обьектилер  киргизилген.

 ИИМдин Басма сөз кызматы