Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, талкуунун алкагында министрлик менен ассоциациянын өз ара аракеттенүүсү, тыгыз консолидация жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча биргелешкен иш маселелери көтөрүлдү.

Токтогазиев министрликтин бизнес тармагы менен жигердүү иш алып барууга жана реформалар боюнча көз карандысыз кеңеш түзүүгө даяр экендигин белгиледи.

Түзүмдүк бөлүмдөргө өз ара аракеттенүү процессин баштоо тапшырмасы берилди.