Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумуна катышты.

Анда сөз сүйлөп жатып, учурда мамлекет масштабдуу өзгөрүүлөрдүн алдында турганын, бул себептен инвесторлорду, ишкерлерди, айрыкча чакан жана орто бизнести колдоо маанилүү экенин айтты.

«Биз бизнести кылмыштуулуктан жана кылмыштуулук менен байланышкан чиновниктерден коргойбуз», — деди

Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 28 млрд сом деп кабыл алынганы менен реалдуу картина андан да жаман экендигин айтты.

“Жакынкы арада бюджет боюнча реалдуу, чыныгы маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Жагдайыбыз жакшы эмес. Ошондуктан мамлекеттик органдарга бир топ тапшырмаларды бердим”, -дейт Жапаров. Алар:

— Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлгөн ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар кескин азайтылып, атайылап жасалган создуктуруулар кыскартылышы керек.

— Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бизнес үчүн оптималдаштырылат. Ал үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөр жана башка укуктук-ченемдик актылар боюнча документтердин пакети даярдалат.

— Бизнести жүргүзүү боюнча эрежелерди жөнөкөйлөштүрүү.

— Экспортёрлорду колдоо боюнча конкреттүү механизмдерди киргизүү (Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгүдөй).

— Жылдын аягына чейин орто жана чакан ишканаларга жеңилдетилген түрдө насыялоону кайра жандандыруу тапшырмалары берилди.

Мындан тышкары, бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды ачыкка чыгаруу, бюджеттин кирешесин көбөйтүү, контрабандалык товарларга көзөмөлдү күчөтүү, банктык жана салыктык сырлардын, персоналдык маалыматтардын сырдуулугу камсыздоо, өзгөчө кырдаал режими учурунда жабыр тарткан ишкерлер менен инвесторлорго зыяндын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү механизмдерин кароо милдеттендирилди.

Ошондой эле ишкерлерге, инвесторлорго жана туристтерге тоскооолдуктар болбошу керектигин айтты.