Голландиянын зоопаркында гей пингвин жуптар балапан чыгаруу үчүн   лесбиянка пингвиндеринин жумурткаларын уурдап кетишкен. Бул жөнүндө Daily Mail жазып чыкты.

Өткөн жылдын ноябрь айында ушул эле жуп башка пингвиндердин бир жумурткасын уурдап кетишкен, бирок андан эч кандай балапан чыкпай, жубайлар баласыз калышкан. Алар быйыл жумурткалардын тобун уурдап кетишти. Эми гей пингвиндер жумурткалардын үстүндө кезектешип, аларды чыгарышат, ал эми жуптун экинчи эркеги тамак таап келет.

Amersfoort зоопаркынын кароолчусу Сандер Дросттун айтымында, бул жолу балапандар чыкпайт, анткени бир жыныстагы аял пингвиндердин жумурткалары уруктануусу күмөн.

Зоолог Марк Белттин айтымында, туткундагы бул канаттуулар арасында гомосексуализм кеңири жайылган. Айрым бир жыныстагы түгөйлөр башкалардын жумурткаларын чыгарганга аракет кылышат. Мындай окуя ушул жайда Испаниядагы аквариумда катталган.