Бүгүн, «Улуу-Журт» саясий партиясы үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына белгиленген парламентик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга билдирме кат тапшырды.Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына маалымат жайгаштырылды.
Маалыматка таянсак, 20-декабрга белгиленген шайлоого жалпы 24 партия катышуу ниетин билдирген.
Тѳмѳндѳгү саясий партиялар билдирме беришти:
- Кыргызстан жашылдар партиясы
- Бүтүн Кыргызстан
- Билим Илим Ордосу
- Мекен Ынтымагы
- Ата Мекен
- Ыйман Нуру
- Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы
- Эл биримдиги
- Улут Ордо
- Элдик Кенеш
- Глас Народа
- Партия Патриот
- Актив
- Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана
- Адилеттүү Кыргызстан
- Социал-демократтар
- Өнүгүү Кыргызстан
- Ордо
- Республика
- Ак Шумкар
- Реформа
- Республиканская партия Улутман
- ЛДП НУР
- Улуу Журт