Мындай пикирин Аида Салянова социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал С.Жапаровдун колдоочуларына кайрылып, “Жапаровдун колдоочулары жоопкерчиликке келгенде Сиздер жооп бербейсиздер. Аны чын дилиңер менен колдосоңор, тескерисинче, аны аяп, кооптуу нерседен алдын ала коргоп калбайсыздарбы!” – деди.

“Урматтуу мекендештер!

Барыбыздын көз алдыбызда кыргыз тарыхынын жаны барактары ачылып жатат. Тилекке каршы мактана турган, сыймыктана турган, келээрки муунга үлгү кылып калтыра турган барактар эмес.

Узурпация деген бул бийликти күч менен басып алуу, ашыкча функцияларды ыйгарып алуу же болбосо бийликтин мөөнөтүн өз билемдик менен узартып алуу дегенди түшүндүрөт. Парламенттин мөөнөтү Конституцияда 5 жыл деп так көрсөтүлгөн. Андан бир дагы күн ашпашы керек. Элге өзүн өзү дагы жарым жыл тануулоо бул накта узурпация.

Кеп айлыкта эмес, кеп мандатта. Эл берген мандаттын срогу 28 октябрда бутот. 29 нан баштап элдин атынан чечим чыгарууга силерде укук жок. Демек, конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Баш мыйзамга каршы.

Бул жалпы мамлекеттин аброюна доо кетире турган кадам экени айтпаса да түшүнүктүү. Өз эли менен эсептешпеген бийлик, бөтөндүн ишеничине арзыйбы? Ушуга даай алгандарга тан калам.

Бул өтө кооптуу прецедент…

Кийин президенттин дагы иш мөөнөтүн ушундай узартып койсо боло берет экен деген күн келип калышы толук мүмкүн.

Жапаровдун колдоочулары жоопкерчиликке келгенде Сиздер жооп бербейсиздер. Аны чын дилиңер менен колдосоңор, тескерисинче, аны аяп, кооптуу нерседен алдын ала коргоп калбайсыздарбы! Мыйзамсыз нерсе кабыл алаарда, президенттер эч качан жоопкерчилик жөнүдө ойлогон эмес, алар түбөлүктүүбүз дешкен. Бирок андай болбоорун тарых бир нече жолу тастыктады.

Азыркы парламентти 5 жыл бою президенттер жакшы эле колдонуп келишти. Эми ал аз келгенсип, бизди дагы жарым жыл колдонуп алгыла деп макул болгонунар озунорго жийиркеничтуу эмесби?

Легитимсиз парламент легитимдүү чечимдерди жарата албайт!”