2020-жылдын 23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков коомдук кеңештин мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин жаңы орун басарлары Октябрь Урманбетов менен Эркебек Аширходжаевди тааныштырды. Андан соң коомдук кеңештин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо, калкты укуктук жактан камсыздоодо салымдары чоң экендигин баса белгиледи. Ошондой эле бүгүнкү күндө милициянын ишмердүүлүгүндө негизи принциптерди бири бул ачык-айкындуулук менен коомчулукка жакын болуу экендигин айтып өттү. «Башкысы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши натыйжалуу иштеп жатат жана жарандар үчүн милиция кызматкерлеринин ишин  ачык кылып, өлкөдөгү коррупцияны жоюу жана коопсуздук деңгээлин көтөрүүгө жардам берүүдөсүздөр. Бирок Коомдук кеңештин жигердүү аракети менен мунун баарын жасоого болот деп ишенем»,-деп айтты Улан Ниязбеков.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов  ИИМдин Коомдук кеңеши ар дайым милиция кызматкерлерине жардам берип, жарандык коомдун деңгээлин жогорулатууга даярдыгын билдирди. «Кеңеш калк менен милициянын ортосундагы көпүрө. Негизи милдет ички иштер органдарына болгон калктын ишенимин арттыруу жана бүгүнкү күнү коюлган тапшырмалардын бири болгон милиция саясаттан тышкары болуу керек. Башталган  реформаны аягына чейин жеткирүү, калк менен тыгыз иштешүү жана беделин көтөрүү үчүн аракеттерди көрүү. Андан сырткары ИИОнун тутумундагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган бирдиктүү күч-аракеттерди көрүү.  Эң башкысы ИИМдин Коомдук кеңеши милицияга ар дайым колдоо көрсөтүп келген жана дагы да көрсөтүүгө даярбыз»,-деп Ялкун Даутов билдирди.

Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши Улан Ниязбековго иштерине ийгиликтерди каалады.

ИИМдин Басма сөз кызматы