Кыргызстандын туңгуч президентинин уулу Айдар Акаев спирт ичимдиктерине жана баңги заттарына ууланып каза болду. Бул тууралуу “Комсомольская правда” басылмасы, укук коргоо органдарындагы булакка таянуу менен жазды.

Гезитте жазылгандай, анализ алкоголь менен кокаиндин айкалышы жүрөктүн токтоп калышына алып келгенин көрсөттү.

Айдар Акаевдин өлүмү 6-февралда белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал 44 жашка чыкканга эки жума калганда жүрөгү токтоп каза болгон деп кабарланган.

Эске сала кетсек, 2005-жылы 24-мартта бийликтен куулган президенттин төрт баласы бар – Бермет, Айдар, Саадат жана Илим.

Бермет жана Айдар Акаевдер Жогорку Кеңешке ат салышып, бийликтеги “Алга Кыргызстан” партиясынан депутаттык мандат алышкан. Бул өлкөдө кеңири нааразычылыкты пайда кылган. 2005-жылы 24-мартта Ак үйдү басып алуу менен аяктаган митингдердин натыйжасында Аскар Акаев бийликтен кулатылган. Ал үй-бүлөсү менен республикадан качып кеткен.

Айдар Акаев кинематографиялык чөйрөдө белгилүү Чокубаевдердин үй-бүлөсүнүн кызы Сайкалга үйлөнгөн. Алардын үч баласы бар.

Акаевдердин үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткенден кийин, Айдар бизнес менен алектенип жүргөн.