Польшанын президенти Анджей Дуда коронавирусту жуктуруп алды, ал тесттен бир күн мурун өткөн, деп билдирди анын басма сөз катчысы Блажей Спичальский.

Басма сөз катчынын айтымында, Дуданын абалы жакшы, ал иштеп жатат.

Дуданын акыркы чет элдик сапары Киевге 11-13-октябрь күндөрү болгон. Ал украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен жолугушкан.

Буга чейин, илдет 17-октябрда Түштүк Осетиянын Президенти Анатолий Бибиловдон COVID-19 табылганы белгилүү болду. Ал аралыктан иштөөнү улантып жаткандыгы белгиленди.

Октябрь айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска кабылган. Анын жубайы Мелания дагы анализден өткөн. Анын айтымында, «вирусту жок кылган» антителолордон жасалган эксперименталдык дары анын тез калыбына келишине жардам берди. Америкалык лидер инфекцияны 30-сентябрда белгилери пайда болгон жардамчысы Хоуп Хикстен жуктурушу мүмкүн деп эсептешет.